БАЯСТАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:27, 16 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЯСТАН – Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы кыштак. Ак-Коргон айыл округуна караштуу. Райондун борбору Ала-Бука кыштагынан 19 км түштүк тарапта, Наманган темир жол бекетинен 62 км. 1845-жылы негизделген. Деӊиз деӊгээлинен 1095 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 6802 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, ФАП, клуб, китепкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, мончо, май чыгаруучу цех, чайкана бар.