БЕГАБАТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:51, 16 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕГАБАТ, Б е ш б а н г и – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Сайпидин Атабеков айыл округуна караштуу. Райондун борбору Сузак кыштагынан 16 км түштүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 12 км. Деӊиз деӊгээлинен 720 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 11716 (2022); негизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет. Эки орто мектеп, бала бакча, оорукана, бейтапкана, дарыкана, маданият үйү, китепкана, соода комплекси, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү жана комплекстүү кабыл алуу пункту бар.