БЕЗОАРЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:46, 17 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЗОАРЛАР (персче бадзар – жайташ) – жылкы, чочко, ит жана кепшөөчү жаныбарлардын ичеги-карынында кыл, жүн, жем-чөптүн тоголоктошуп, катып калышынан пайда болуучу ылаӊ. Каткан чогундунун салм. кээде 2 кгга жетет. Мындан ичеги бүтөлүп калса, мал өлөт. Ал узак убакыт кесек тоют берүүдөн, сапатсыз жем чөптөн, ачка болуп, жүн жегенден пайда болот. Мындай учурда малдын тынчы кетип, температурасы көтөрүлөт, жүрөгү тез кагып, энтигет. Жем, чөптү начар жейт. Алдын алуу үчүн тоюттандырууну жакшыртуу, операция жасоо керек.