БЕЗ ТКАНДАРЫ
БЕЗ ТКАНДАРЫ ө с ү м д ү к т ө – түрдүү суюк секреттерди (заттарды) бөлүп чыгаруучу бир же көп клеткалардан турган түзүлүштөр. Алар өсүмдүктөрдүн бардык органдарында болот да, секретти органдын ичине же сыртына бөлүп чыгарат. Ички секреция Без ткандарына идиобласттар (без клеткалары), сүт түтүкчөлөрү, беттери без клеткаларынан турган чайыр, эфир май түтүкчөлөрү кирет. Алар туюк болгондуктан, бөлүп чыгарган заттары да топтолот. Механикалык таасирлерден бузулганда гана алардагы зат сыртка чыгат, мисалы, тилинген жеринен апийим сүтүнүн, каучуктун сыртка чыгышы. Сырткы Без ткандарына нектарниктер, гидатоддор, тамак сиӊирүү бездери, эфир майларын, чайыр, былжыр бөлүп чыгаруучу эпидермистер кирет. Сырткы Без ткандарынын бир түрү – без түктөрү. Тамак сиӊирүү бездери курт-кумурска менен азыктануучу өсүмдүктөрдө болот. Бул бездер азык сиӊирүү ширесин бөлүп чыгарат. Без ткандары бөлүп чыгарган заттар апийим, бальзам, каучук ж. б. турмушта кеӊири керектелет.