«БОТОЙ»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:40, 12 Апрель (Чын куран) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«БОТОЙ» – салттык күү. Комузчулардын чыгармачылыгында кеӊири өнүккөн. Ботой комуздун жоон мойнунан кайрылып чертилет. Бул күү ботосу өлгөн төө жөнүндөгү уламадан чыккан. Улам жаӊы, үлгү, түрлөрү жарала берип, акырында салттуу күүгө айланган. Аларга жардамчы эпитеттер же күүнү чыгарган автордун ысмы кошулуп айтылат. Мисалы, «Чоӊ ботой», «Кичине ботой», «Кыл чоймо ботой», «Маш ботой», «Токтогулдун ботою», «Муратаалынын ботою» жана башкалар.