БАНИОНИС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:45, 14 Июнь (Кулжа) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАНИО́НИС , Банёнис Донатас (28. 4. 1924-жылы туулган, Каунас – 4.9. 2014, Вильнюс) – литва актёру, СССРдин эл артисти (1974). Литва ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1969). 1941–2000-жылдары Паневеж драма театрынын актёру (1980–1984-жылдары башкы режиссеру, 1984–1988-жылдары көркөм жетекчи жана директор), 1984-жылы Литва консерваториясын бүткөн. 100дөн ашык ролдо ойногон: Эдвардас (А. Венуолис, «Күүгүмдө»), Тесман (Г. Ибсен, «Гедда Габлер»), Эдгар (А. Стриндберг, «Өлүм бийи») ж. б. 1957-жылдан кино тасмаларга тартылган: «Эч кимдин өлгүсү келген эмес» (СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1967), «Жансыз мезгил», «Гойя, же болбосо таануунун оор жолу», «Мистер Ман-Кинлинин качуусу» (СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1977). Банионис түзгөн образдар психологиялык тереӊдиги, таасирдүүлүгү жана ийкемдүүлүгү менен айырмаланат.
А. Пазылов.

Ньюфаун Д. Банионис. «Жансыз мезгил» фильминен кадр. 1968.