БАНК КАПИТАЛЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:34, 17 Декабрь (Бештин айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page БАНК КАПИТАЛЫ – to БАНК КАПИТАЛЫ) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАНК КАПИТАЛЫ – банктын акча каражаттарынан жыйналган капиталы. Ал банктын менчик капиталынан, элдин аманатка салган акчасынын белгилүү үлүшүнөн жана банктагы убактылуу бош акчалардан түзүлөт. Банк капиталынан өнөр жайга кредит берилет. Мында капитал ээси тиешелүү пайда алат. Банк капиталы адегенде өнөр жай капиталы менен кредит аркылуу гана байланышып келсе‚ кийин бул өнөр жай капиталы менен биригүүнүн натыйжасында финансы капиталын пайда кылган.