БАРАӉ
БАРАӉ, ч о т а л а – огу, дарысы оозунан дүрмөттөлчү, калыӊ, узун найлуу, шыйрактуу, сайлуу жана сайсыз милте менен от коюп атылчу мылтык. Бараңдын түпкү теги «Франк мылтыгы» менен байланышып, ал адегенде Түндүк Африкага, кийин Алдыӊкы Азияга, ошондой эле Орто Азияга (өзбектерде – фаранги милтик, кыргыздарда Бараң) таралып, жоокерчиликте жана мергенчиликте пайдаланылган. Бараңды кыргыз даркандары колдо жасай алышкан. «Манас» эпосунда Бараң «ак бараӊ», «сыр бараӊ» түрүндө да сыпатталат. Азыркы учурда Бараң музейлерде гана кездешет.