БАРДЕӉКЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:41, 19 Июнь (Кулжа) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРДЕӉКЕ, б е р д а н к а – мылтыктын бир түрү. Адегенде америкалык полковник Х. Бердан тарабынан иштелип чыгып, XIX кылымдын 60-жылдарында орус инженерлери А. П. Горлов жана К. И. Гуниус бир кыйла өркүндөтүшүп, Америка Кошмо Штаттарында ал «орус мылтыгы» деген ат менен белгилүү болгон. Бардеңке милтелүү мылтыкка караганда атууга ийкемдүү, бир атар мылтык. Орус армиясынын аскерлери 1868–1891-жылдары куралданган. Кийин кыргыз элине да кеӊири тарап, аӊчылыкка жана башкаларга колдонушкан. Учурда Бардеңкени музейден гана кездештиребиз.