БАРИТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:26, 25 Апрель (Чын куран) 2024 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРИ́Т, о о р ш п а т – сульфаттар классына кирүүчү минерал. Химиялык формуласы BaSO4. Ромб сингониясында кристаллданат. Өӊү ак, боз, көгүлтүр, кызгылт, ачык кызыл, кээде түссүз, айнек сымал жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 3–3,5. С. салмагы 4,5. Гидротермдик кендерде кварц, флюорит ж. б. менен бирге өз алдынча тарамдар, ал эми чөкмө тоо тектерде цемент, конкрециялар түрүндө кездешет. Кагаз, резина, булгаары, оптика, кант өнөр жайында жана жогорку сорттуу ак боёк даярдоодо, медицинада колдонулуучу барий туздарын алууда, ошондой эле бургулоо иштеринде пайдаланылат.