БАРОГРАФ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:04, 23 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРО́ГРАФ (гр. bàros – оордук, басым, gràph – жазам) – атмосферадагы аба басымын үзгүлтүксүз өзү жазып туруучу прибор. Метеорологиялык станцияларда жана басымдын өзгөрүшү боюнча аныкталуучу бийиктикти үзгүлтүксүз жазуу үчүн самолёттор менен аэростаттарда пайдаланылат. Кабыл алуучу бөлүгүнүн иштөө принциптери боюнча барограф анероиддик жана сымаптык болуп бөлүнөт. Практикада көбүнчө анероиддик барограф пайдаланылат. Анын кабыл алуучу бөлүгү мамычага бириктирилген бир нече анероиддик кутучадан турат, кара: Анероид.