БАСЫМ (тил илиминде)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:02, 9 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page БАСЫМ to БАСЫМ (тил илиминде)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАСЫМ т и л и л и м и н д е – эки же көп муундуу сөздөрдүн бир муунунун башка муундарынан бөлүнүп күчтүү айтылышы. Азыркы тил илиминде Басым үч топко бөлүнөт: 1) сөздөгү басымдуу муунду күчөтүү – динамикалык Басым (мисалы, орус тилинде); 2) үн тонунун өзгөрүшү – тондук же музыкалык Басым (мисалы, дунган, кытай, япон тилдеринде); 3) сөздөгү басымдуу муун басымсыз муундан айтылыш убакыты боюнча айырмаланган – созулма Басым (немец тилинде). Орус тилинде Басым сөз айырмалоо үчүн колдонулат (мука – ун, мука – азап).