БАТА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:46, 19 Июнь (Кулжа) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТА – 1) Курандын биринчи сүрөөсүнүн аты; 2) алкыш, ак тилек, каалоо. Кыргыздарда Батага ишеним байыркы доордон эле калыптанган. Аларда ар бир нерсенин ээси болот деген түшүнүк болуп, Батада табияттын, кубулуштардын ээлеринен, пирлеринен (жараткан, теӊир, Кыдыр ата, Умай эне, Дөөтү жана башка), ата-бабалардын арбагынан, колдоочулардан (Мухаммед, Ильяс, Сулайман, Батма-Зуура, Азирет жана башка пайгамбарлар) көмөк, колдоо суранган өтүнүчү айтылат. Батага болгон ишеним «бата – сөздүн атасы», «атаӊдан бото калбасын, бата калсын» сыяктуу калк арасында айтылып жүргөн макалдардан байкалат. Кыргыздын салттуу турмушундагы бала тарбиялоодо анын орду омоктуу. Ымыркай кезинен эр жеткенге чейин берилүүчү ак Баталар баланын зээнине сиӊип, эл берген Батадагы адамдык сапаттарга (ата-энеӊди сыйла, эл керегине жараган адам бол жана башка) ээ болууга аракеттенишип, жаштайынан тарбияланган. Айрым учурларда жаман жорукту таштабай турган адамдардын ичинде «батамды берейин» деген сөздү укканда нээтинен кайткандар болгон.

Батаны журт ичинде кадыр-барктуу, нускалуу даанышман карыялар, эл акылмандары, көсөмдөр беришкен. Алардан Бата алуу үчүн атайын алыстан ат арытып келгендер болгон. Жалпы элдин Батасы касиеттүү ыйык саналып, азыркы учурда да кээде эл чакырып, Бата суралат. Анын бүгүнкү күнгө чейин сакталып келе жаткан түрлөрү өтө көп. Мисалы, дасторконго Бата, үйлөнүү тойго Бата, жаӊы өргөө, үйгө Бата, уулга Бата, күйөөгө узатчу кызга Бата, ал турсун колго суу куйган балага Бата жана башакалар. Кыргыз турмушунда ошондой эле тетири Бата (каргыш) деген да болгон. Аны ууру-кескилерге, журт бузарларга, чыккынчыларга жана башкаларга багытташкан. Айрым кылычтын мизинен да коркпогон жанкечтилер тетири Батадан коркуп, өзүн ак жолго салган.