БАФФИН ДЕӉИЗИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:43, 29 Июль (Теке) 2024 карата Ayday (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БА́ФФИН ДЕӉИЗИ – Түндүк Муз океандагы жарым-жартылай туюк деӊиз. Гренландия аралы менен Канадалык Арктика архипелагынын аралыгында. Дейвис кысыгы аркылуу Атлантика океаны менен кошулат. Аянты 530 миӊ км2. Эӊ тереӊ жери 2414 м. Суунун температурасы жайында 4–5°Сден 0°Сге чейин, кышында –1°Сден төмөн. Жылдын көп мезгилинде муз каптап жатат, айсберг көп. Туздуулугу 30–34%. Суткасына эки жолу ташкындайт (4 мге чейин). Балык (треска, сельдь ж. б.) кармалат. Англиялык уюл изилдөөчү У. Баффиндин ысмынан аталган.