БАЯЗИД I

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:21, 26 Ноябрь (Жетинин айы) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЯЗИД I Чагылган (1360, Эдирне, Түркия – 8. 3. 1403, Акшехир, Түркия, сөөгү Бурсага коюлган) – Осмон династиясынан чыккан түрк султаны (1389–1402). Атасы Мурат Iнин саясатын улантып, Батыш Анадолудагы Ментеше, Айдын, Сарухан жана Ирмиян бийликтерин бириктирген (1389–90). Египеттеги ички келишпестиктерди чебер пайдалануу менен Сивас султандыгынын жерлерин, Жанык жана Амасье бийликтерин, мамлюктардын кол астындагы Малатья, Эльбистан, Дивриг шаарларын өз ээлигине кошкон. 1389-жылы Косово талаасында сербдердин аскерлерин талкалап, Сербияны караткан. Баязид I жетектеген түрк аскерлери 1393–96-жылдарда Болгарияны, Македонияны жана Фессалияны басып алып, кийин Балкан жарым аралына түрк үстөмдүгүн орноткон. 1394–1401-жылдары Баязид I Константинополду камоого алган. 1396-жылы сентябрда Никополдун (Болгария) алдында кресттүүлөрдүн аскерлерин талкалап, бул жеӊиши үчүн ага «султан эль-Рум» (Византия жерлеринин султаны) наамы ыйгарылган. 1402-жылы Кичи Азияга басып кирген Тимурдун аскерлери менен болгон Анкаранын алдындагы салгылашууда (к. Анкара салгылашы) жеӊилип, туткунда курман болгон.