БЕГОНИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:23, 29 Апрель (Чын куран) 2024 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕГО́НИЯ (Веgonia) – өсүмдүктөрдүн бегониялар тукумунун уруусу. Жоон тамырлуу, көп жылдык чөп өсүмдүгү, кээси бадал же лиана сымал. Сабагы түз, төшөлүп же жармашып өсөт. Жалбырагы жөнөкөй, кезектешип жайгашкан. Айрым түрүнүн жалбырагы темгилдүү. Гүлү бир жыныстуу, мөмөсү – кутуча, уругу абдан майда. 900дөй түрү белгилүү. Көбүнчө тропик жана субтропикте (Австралиядан башка) өсөт. КМШ өлкөлөрүндө гүлү жана жалбырагы кооз түрлөрү – рекс, чаар бегониялар ж. б. оранжереяда, үйдө, гүлзарларда, Кыргызстанда Креднер, Марта, Бисмарк сорттору өстүрүлөт. Сабак, жалбырак калемчелери жана уругунан көбөйтүлөт.