БЕЗУ ТЕОРЕМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:08, 17 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page БЕЗУ ТЕОРЕМАСЫ – to БЕЗУ ТЕОРЕМАСЫ) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЗУ́ ТЕОРЕМАСЫ – көп мүчөнү сызыктуу эки мүчөгө бөлүү жөнүндөгү теорема. f(x)=a0xn + a1xn–1+... ... + a1xn + a1xn–1көп мүчөсүн х–а эки мүчөсүнө бөлгөндө f(a) калдык калат. Көп мүчөлөрдүн коэффициенттерин 1 саны бар кандайдыр коммутативдик алкактын элементтери деп эсептесе болот, мисалы, чыныгы же комплекстүү сандар талаасы. Бул теореманын натыйжасы: а саны f(x) көп мүчөсүнүн тамыры болушу үчүн f(x) көп мүчөсү х–а биномуна калдыксыз бөлүнүшү керек.