БИПЛАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:41, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИПЛА́Н (лат. bis – эки ж-а planum – тегиздик) – кош канаттуу самолёт. Канаттары фюзеляждын (тулкунун) эки жагында биринин үстүнө бири жайгашып, катуу ж-а бекем, ойкупкайкып учууга ылайыктуу болгондуктан, негизинен учкучтарды окуп-үйрөтүү процессинде, чалгындоодо (1930-жылдарга чейин), а. ч. жумушунда (Ан-2 ж. б.), авиация спортунда колдонулган. Кийин анын ордуна чоӊ ылдамдыкта учуучу моноплан пайда болгон, к. Самолёт.