БИР МААНИЛҮҮ ФУНКЦИЯ
БИР МААНИЛҮҮ ФУ́НКЦИЯ – аныкталуу облусунан алынган аргументтин ар бир маанисине бир гана маани туура келүүчү функция. Мисалы, y=x2, y=sin x функциялары (– ) аралыгында бир маанилүү. Ал эми n аргументтин маанилеринин ар бир жыйындысында zтин бир гана мааниси табылса, анда z=f(x1, x2, ..., xn) бир маанилүү функция деп аталат. Мисалы, z=x2+y2 бүткүл OXY тегиздигинде Б. м. ф. z=± 1 – x2 y2 функциясы x2+y21 тегерегинде бир маанилүү функция эмес.
Ад.: Кудрявцев Л. Д. Курс математического анализа. Т. 2. М., 1981.