БИР ӨӉЧӨЙ МҮЧӨ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:42, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИР ӨӉЧӨЙ МҮЧӨ – бирдей суроолорго жооп берип, сүйлөмдө бирдей милдет аткарып, бирибири м-н байламталар же интонация аркылуу байланышкан сүйлөм мүчөлөрү (мис., Эмне үчүн бала адамга да, айбанга да, канаттууга да таттуу болуп калды экен?). Ал бир өӊчөй ээ, бир өӊчөй баяндооч, бир өӊчөй аныктооч, бир өӊчөй толуктооч, бир өӊчөй бышыктооч деп бөлүнөт.