БИРИНЧИ МАЙ (Кара-Кулжа районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 19 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page БИРИНЧИ МАЙ 1 to БИРИНЧИ МАЙ (Кара-Кулжа районундагы кыштак)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРИНЧИ МАЙ, С е к е л е к – Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы кыштак. Кара-Кулжа айыл округуна караштуу. Райондун борбору Кара-Кулжа кыштагынан 6 км чыгыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 87 км. Деӊиз деӊгээлинен 1520 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 6816 (2022); негизинен мал чарбасында жана тоют өсүмдүктөрүн даярдоодо эмгектенет. Үч орто мектеп, китепкана, ФАП, үй-бүлөлүк врачтар тобу, оорукана бар.