БИСАУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:42, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИСА́У – Гвинея-Бисау мамлекетинин борбор шаары; Бисау автономия секторунун адм. борбору. Калкы 388 миӊ (2005). Атлантика океанындагы порт. Эларалык аэропорт; күрүч тазалоо, май, карапа чыгаруу ишканалары, тамакаш, тактай тилүү, эмерек, жеӊил өнөржай, тарыхый-көркөм музейи бар. Сыртка пальма майын ж-а пальма жаӊгагынын данегин, жержаӊгак, тери, жыгач материалдарын чыгарат. 17к-дын аягында португалдар негиздеген. Кеме ремонттоочу мастерскою иштейт. 16*