БИСМАРК АРХИПЕЛАГЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:42, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИ́СМАРК АРХИПЕЛАГЫ – Тынч океандын батышындагы аралдар тобу, Жаӊы Гвинеядан түн.-чыгышта, Папуа – Жаӊы Гвинея мамлекетинин курамында. Эки чоӊ аралдан (Жаӊы Ирландия ж-а Жаӊы Британия) ж-а Адмиралтейство а-нан, о. эле майда көп шуру аралдарынан турат. Жалпы аянты 50 миӊ км2дей. Калкы 400 миӊден ашык (2003). Чоӊ аралдары тоолуу (бийикт. 2334 мге чейин), жанартоо көп, а. и. аракеттегиси (Улавун) да бар. Жертитирөөлөр болуп турат. Нымдуу тропик токою өсөт. Тропик дыйканчылыгы өнүккөн. Кокос пальмасынын плантациялары бар. Башкы ш. – Рабаул (Жаӊы Британия а-нда). Германиянын өкмөт башчысы О. Бисмарктын урматына аталган.