БИШКЕК (бээ сүтүн бышкыч курал)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:34, 22 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page БИШКЕК 1 to БИШКЕК (бээ сүтүн бышкыч курал)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИШКЕК – сабаадагы бээнин сүтүн бышуу үчүн жасалган курал. Сабанын чоӊдугуна жараша (узундугу 1,5–2 м) жумуру жыгачтын учуна (узундугу 12–15 см, туурасы 8–10 см, калыӊдыгы 5–7 см) жалпак жыгачтын ичин (2–4 см) чуӊкурайта оюп, анын так ортосуна сап учу ашталат. Көрөӊгө кымызга бээнин жаӊы саалган сүтүн куюп, Бишкек менен көпкө бышылат. Кымыз канчалык көп бышылса, ал ошончолук жагымдуу болуп, күчтүү ачыйт. Бишкек көбүнчө арчадан, айрым учурда четин, кайыӊ, талдан жасалат.