БИШКЕК 1
БИШКЕК 1 – сабаадагы бээнин сүтүн бышуу үчүн жасалган курал. Сабанын чоӊдугуна жараша (уз. 1,5–2 м) жумуру жыгачтын учуна (уз. 12–15 см, туурасы 8–10 см, калыӊд. 5–7 см) жалпак жыгачтын ичин (2–4 см) чуӊкурайта оюп, анын так ортосуна сап учу ашталат. Көрөӊгө кымызга бээнин жаӊы саалган сүтүн куюп, Б. м-н көпкө бышылат. Кымыз канчалык көп бышылса, ал ошончолук жагымдуу болуп, күчтүү ачыйт. Б. көбүнчө арчадан, айрым учурда четин, кайыӊ, талдан жасалат.