БИШКЕК ТЕМИР ЖОЛ ВОКЗАЛЫ
БИШКЕК ТЕМИР ЖОЛ ВОКЗАЛЫ – «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясына (2005-жылдан) караштуу. 1938-жылдан Бишкек-2 темир жол бекетинде темир жол жүргүнчүлөрүн тейлөөчү имарат катары иштейт. Архитектор Е. Лисмардын долбоору боюнча курулган. Интерьерин жасалгалоого сүрөтчүлөр А. И. Игнатьев менен Л. Месарош катышкан. Вокзалда билет кассалары, маалымат бюросу, автоматтык маалымат курулмасы, жүк сактоочу автоматтык камера, VIP – зал, эне жана бала бөлмөсү, бажы бөлмөсү, көмөкчү жайлар ж. б. бар. Мындан поезддер Москва, Новокузнецк жана Екатеринбург сыяктуу Россиянын эӊ ири шаарларына, Казакстандын Мерке, ошондой эле жергиликтүү шаарлар – Токмокко жана жайында Балыкчыга каттайт.