БИШКЕК ХОРЕОГРАФИЯЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:52, 20 Июнь (Кулжа) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИШКЕК ХОРЕОГРАФИЯЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ Ч. Базарбаев атында. 1980-жылы М. Күрөӊкөев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографилык окуу жайынын хореографиялык бөлүмүнүн базасында ачылган. Анда жалпыга билим берүүчү мектептердин программалары, талаптары менен бир эле мезгилде атайын ритмика, гимнастика, фортепьяно, хордо ырдоо сабактары өтүлөт. Хореография окуу жайы ачылгандан бери аны көптөгөн таланттуу жаштар бүтүп чыгышты. 2004-жылдын февраль айында окуу жайга СССР эл артисти Ч. Базарбаевдин аты берилген. Окуу жайда өз кесиптерин мыкты билген Р. Чокоева, Б. Алимбаев, А. Ырсалиев жана башка тажрыйбалуу педагогдор иштешет.

Сабак учурунда.