БЛАГОВЕЩЕНКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:26, 23 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЛАГОВЕ́ЩЕНКА – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Сузак айыл округуна караштуу. Көгарт суусунун оӊ жээгинде, деӊиз деӊгээлинен 800 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 10 км түндүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 7 км. Кыштак 1897-жылы негизделген. Алгач Украинанын Киев облусунан көчүрүлүп келген 300 үй-бүлө (украин, орус, балкар, чечен ж. б.) отурукташкан. Калкы 6610 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, ФАП, мончо ж. б. бар.