БЛАГОВЕЩЕНКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:42, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЛАГОВЕ́ЩЕНКА – Жалалабат обл-нун Сузак р-нундагы кыштак. Сузак айыл өкмөтүнө караштуу. Көгарт суусунун оӊ жээгинде, деӊиз деӊг. 800 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыш-нан 10 км түн.-чыгыш тарапта. Жалалабат темиржол бекетинен 7 км. Кыштак 1897-ж. негизделген. Алгач Украинанын Киев обл-нан көчүрүлүп келген 300 үйбүлө (украин, орус, балкар, чечен ж. б.) отурукташкан. Калкы 3086 (2002); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, ФАП, мончо ж. б. бар.