БЛИК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:07, 25 Март (Жалган куран) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЛИК (немисче blik) – предметтин үстүндөгү башка жактан чыккан жарык булагынын көлөмдүк форма бөлүктөрүн кайталаган эң жарык, жылтылдаган жери. Бликтин күчү жана жарыгы аны чыгарып жаткан нерсенин касиеттерине жана жарык чыгаруу күчүнө жараша болот. Көркөм практикада Блик чыгарманын жарык шаңдарынын курулуш өзгөчөлүктөрүнө да көз каранды, к. Жарык шаңы.