БЛЭР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:42, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЛЭР Энтони (Тони) Чарлз Линтон (6.5.1953ж. т., Шотландия, Эдинбург) – мамл. ишмер. Улуу Британиянын премьер-министри (1997жылдан). 1975-ж. Оксфорд ун-тин бүтүрүп, ошол эле жерде укуктан сабак берген. 1976-жылдан адвокаттык кесипте эмгектенген. 1983-ж. англис парламентинин общиналар палатасына депутат болуп шайланып, палатадагы лейбористтердин финансы ж-а шаар курулуш маселелери б-ча өкүлү болгон. 1988-жылдан лейбористтик партиянын Улуттук аткаруу к-тинин мүчөсү, 1994-ж. партиянын лидери болуп шайланган. 1997-ж. парламенттик шайлоодо лейбористтер жеӊишке жетишип, Б. премьер-министр болуп дайындалган. 2005-ж. парламенттик шайлоо кайрадан лейбористтердин жеӊиши м-н аяктап, Б. премьер-министрлик кызматында калтырылган. Ольстер маселесин жөнгө салуудагы салымы үчүн Б-ге эларалык Улуу Карл сыйл. ыйгарылган (1999).