БОГОРОДИЦКИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:42, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОГОРО́ДИЦКИЙ Василий Алексеевич [7(19).4. 1857, Казан – 23.12.1941, Царевокошайск, азыркы Йошкар-Ола] – тилчи. Казан ун-тинин проф. ж-а СССР ИАнын корр. мүчөсү (1915). Бодуэн де Куртенэнин шакирти. Ал негизинен жалпы тил илими, эксперименттик фонетика, индевропалык тилдердин салыштырма грамматикасы, орус, славян, балтика, роман, герман ж-а түрк тилдери б-ча изилдөөлөр жүргүзгөн. Б. 1-болуп үндү эксперимент жолу м-н изилдеп, Россияда (Казан ун-тинде) эксперименттик фонетика лабораториясын негиздеген. «Орус тилиндеги басым түшпөгөн үндүүлөр» (1884), «Орус адабий сүйлөө речине карата колдонулган эксперименттик фонетиканын курсу» (1917), «Орус тилинин фонетикасы» (1930), «Орус грамматикасынын жалпы курсу» (1935) деген ил. эмгектердин автору. Ал «Татар жана түрк тил илимине киришүүдөгү этюддар» (1933), «Түрк тилдерине байланыштуу татар тилинин кириш бөлүмү» (1934), «Татар тил илиминин илимий маселелери жөнүндө» (1935) ж. б. эмгектери м-н түрколог катары да белгилүү. Эмг.: Введение в татарское языкознание в связи с другими тюркскими языками. 2-изд., Казань, 1953.