БОДЛЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:22, 20 Июнь (Кулжа) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Бодлер Ш. П.
Бодлер Ш. П.

БОДЛЕР́ Шарль Пьер (9. 4. 1821, Париж – 31. 8. 1867, ошол эле жер) – француз акыны жана жазуучу. Француз символизмине чыйыр салган. Чыгармалары 1840-жылдын орто ченинен жарыялана баштаган. Ал Э. Понун «Жасалма бейиш» (1860) китебин которгон. Ошондой эле романтикалуу живопись жөнүндөгү сериялардын, күндөлүк дептерлердин, «Сыр ачкан жүрөк» (1855– 1866), «Каргашалуу гүлдөр» (1857), «Кара сөздөгү ырлар» (1869), «Париждеги маанай чөгүү» аттуу чыгармалардын автору. Аталган чыгармаларында Бодлер коомдогу зомбулук менен наадандык сыяктуу терс көрүнүштөрдү ачып берген. XIX кылымдын аягы XX кылымдын башында модернизмдин алгачкы жышааны катары маданий чөйрөдө аны «каргыш тийген акын» деп аташкан. Романтизмдин элементтерин бириктирүү менен катар символизмдин негизинде «Парнас» мектебин ачкан. Бодлер романтикалык поэзияны өркүндөтүүдө үн менен ыргакты айкалыштырууга өзгөчө басым жасаган. Анын чыгармаларын П. Ф. Якубович, И. Ф. Анненский, В. Я. Брюсов, В. И. Иванов, жана башкалар орус тилине которгон.
Ж. Медералиева, К. Качкынбаева.