БОКИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:42, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОКИН Токаш (25.4.1890, Жетисуу обл., Верный уезди, 6-айыл – 19.9.1918, Алматы) – Жетисуудагы 1916-ж. казак элинин улуттук-боштондук көтөрүлүшүн уюштургандардын бири. 1891–1906-ж. Верный ш-ндагы гимназиядан билим алган. 1914-ж-га чейин Верный уездинин сот органдары м-н жер которуу башкармалыгында тилмеч болгон. 1914–16-ж. Санкт-Петербург ш-нда сот палатасында кызмат өтөгөн. Бул мезгилде падыша өкмөтүнө каршы ар кандай саясий уюмдардын программалары м-н таанышат. 1916-ж. элине келген Б. казак калкынын улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн Жетисуу аймагындагы жетекчилеринин бири болгон. 1917-ж. большевиктер м-н жакындашып, Жетисуу обл-нда Совет өкмөтүн орнотууга жигердүү катыша баштаган. Ал 1918-ж. 2–13-январда Жетисуу обл. эмгекчилер депутаттарынын 2-съездине катышат, андан соӊ Жетисуу согуш-рев-я к-тинин мүчөлүгүнө шайланат. Саясий күрөштүн курманы болгон.