БОЛГОНДУ МӨӉГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:42, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЛГОНДУ МӨӉГҮСҮ – Какшаал кыркатоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөӊгү. Уз. 5,4 км, аянты 7,8 км2. Какшаал д-нын сол курамы Мүдүрүмдүн алабында жайгашкан. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊг. 4200 м, этеги 4000 м бийиктикте жатат. Абляция обл-нун аянты 1,8 км2. Андан Болгонду суусу башталат.