БОЛЖУРОВА
БОЛЖУРОВА Ишенкүл Садыковна (22.12. 1951-ж. т., Ысыккөл обл., Түп р-ну, Тасма кыш.) – педагогика илимд. доктору (2006), тарых илимд. кандидаты (1978), проф. (1999). КРдин билимге

эмг. сиӊ. кызматкери (1997), II класстагы мамл. кеӊешчи (2003). ММУну н ас пи рант у рас ын бүт үргө н (1976). КМУда окутуучу, Кыргыз ССР ИАнын тарых ин-тунда окумуштуу секретарь (1978–83), Партия тарыхы ин-тунда улук ил. кызматкер (1983–91), БГУда проректор (1992), ректор (1994 – 2002), КРдин билим ж-а маданият министри (2002–04), КРдин вицепремьер министри (2005), КУУнун ректору (2006), КМШ ж-а ЕврАзЭСтин чегинде интеграциялык кызматташтык маселелери б-ча КРдин Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү (2006), КРдин билим берүү ж-а илим министри (2007). 100дөн ашык ил. иштери тарыхка, социологияга, педагогикага арналган. Даӊк медалы, Россиянын Дружба ордени, ЕврАзЭСтин алтын медалы м-н сыйланган. Эмг.: Кыргыз ССР тарыхы. 1–4 т. (авторлош). Ф., 1990; БГУ – изденүүнүн жана өнүгүүнүн жолунда 20 жыл. Б., 1999; Не заблудиться в лабиринтах истории. Б., 2001; Образование в Кыргызстане: стратегия и реалии переходного периода. Б., 2005.