БАРОКАМЕРА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:53, 19 Июнь (Кулжа) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРОКА́МЕРА (гр. bfros – оордук, салмак жана камера) – төмөнкү (вакуумдук) жана жогорку (компрессиялык) атмосфералык басымды жасалма түрдө алуу үчүн колдонулуучу аба кирбей турган жылчыксыз бөлмө (камера). Басымды абанын курамын өзгөртүү жана аны бир калыпта сактап туруу үчүн барокамера атайын аппараттар менен жабдылат. Барокамера адамдын организимине бийиктиктин тийгизген таасирин изилдөө, учкучтар менен космонавттардын машыгуусун өткөрүү, авиациялык кыймылдаткычтарды текшерүү, кээ бир ооруларды дарылоо жана башкалар үчүн пайдаланылат.