БАРСЫЛДАК
БАРСЫЛДАК (Glossularia) – таш жаргычтар тукумундагы көп жылдык өсүмдүк уруусу, бадал. Бийиктиги 130 см. Бутагы тикенектүү, жалбырагы татаал, кезектешип жайгашат. Гүлү ак, көк, кош жыныстуу. Мөмөсү – жемиш, түркүн түстө, тоголок, сүйрү, көп уруктуу. Түндүк Америка, Европа, Азияда жапайы 50дөй түрү бар. Кыргызстанда жапайы 1 түрү Ысык-Көл өрөөнүндөгү тоолордо өсөт. Эгилме барсылдак Россияда, Белоруссияда, Балтика боюндагы өлкөлөрдө, Кыргызстанда (Чүй, Ысык-Көл облустарында) өстүрүлөт. Мөмөсүндө кант, органикалык кислота, пектин заты, С, В1, Р витамин, А провитамини (каротин), темир, фосфор туздары болот. Мөмөсүнөн кыям, компот даярдалат. Зыянкечтери: барсылдак бүлбүлдөгү, барсылдак-карагат таарыгыч. Илдети: филлоксера.
