БОЛЬШЕВИК (Кара-Суу районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:32, 26 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page БОЛЬШЕВИК 1 to БОЛЬШЕВИК (Кара-Суу районундагы кыштак)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЛЬШЕВИ́К – Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Жоош айыл аймагына караштуу. Райондун борбору жана темир жол бекети Кара-Суу шаарынан 8 км түштүк тарапта. Деӊиз деӊгээлинен 850 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 4682 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча бар.