БОРДУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:03, 29 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРДУ , К а ш к а – Чүй облусунун Кемин районундагы кыштак. Райондун борбору жана темир жол бекети Кемин шаарынан 17 км түш.-батыш тарапта, облустун борбору Токмок шаарынан 66 км. Деӊиз деӊгээлинен 1700 м бийиктикте жайгашкан. Ушул аймактагы түстүү металл кенин өздөштүрүүнүн негизинде 1950-жылы шаарча статусуна ээ болгон. 1993-жылга чейин шаарчада Орловкадагы тоо кен металлургия комбинатынын 4 цехи иштеген болсо, өлкө экономикалык рыноктук мамилеге өткөн мезгилде алар жабылып, калктын көпчүлүгү башка райондорго көчүп кетүүгө аргасыз болгон. Калкы 2300 (1993) адамдан 25 (2022) адамга чейин азайган. Башталгыч мектеп, китепкана, ФАП бар.