БОРКОЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:37, 5 Июнь (Кулжа) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРКОЕВ Жакыпалы (10. 02. 1933-жылы туулган, Ош облусу, Өзгөн району, Улуу-Чат кыштагы) – геолог, Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1972). ФПИнин тоо-геологиялык факультетин бүтүргөн (1956). Түштүк Кыргызстан геологиялык экспедициясынын партияларында улук коллектор, геолог (1956–1968), Улуу-Тоо геологиялык чалгындоо партиясында улук геолог, башкы геолог (1969–1995), 1995-жылдан Кара-Суу партиясынын жетектөөчү геологу болуп иштеген. Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган (1974). Кыргызстандагы Чоӊ-Кой сымап кенин ачууга жана чалгындоого ири салым кошкон.