БИР КЛЕТКАЛУУЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:42, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИР КЛЕТКАЛУУЛАР – денеси бир клеткадан турган организмдер. Буларды микроскопсуз жөнөкөй көз м-н көрүүгө болбойт. Өсүмдүк дүйнөсүндөгү Б. к. – п р о т о ф и т т е р, ал эми жаныбарлардыкы п р о т о з о а деп аталат. Алар бөлүнүү ж-а жыныс жолу (коньюгация) м-н көбөйөт. Бактериялар, балырлар м-н кээ бир козугарындардын, жөнөкөйлөрдүн көпчүлүгү Б. к., булар сууда, топуракта ж-а организмдерде (мителер) жашайт. Жаныбар ж-а өсүмдүктө жашагандары аларды жабыркатат.