БОРНИТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:37, 3 Декабрь (Бештин айы) 2024 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРНИ́Т (австриялык минералог И. Борндун ысмынан) – сульфиддер тобундагы минерал. Химиялык формуласы Cu5 FeS4. Курамында 52–65% Cu, 8–12% Fe болот. Куб сингониясында кристаллданат. Өӊү кара-күрөӊ, кызгылт сары келип, кубулуӊку тарам-тарам көк түскө өтөт. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 3. Салыштырма салмагы 4,9–5,3. Негизинен гидротерм кендеринде кездешет. Борнит жез кенташынын (рудасынын) негизги минералы.