ВАТНАЙЁКЮДЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:57, 28 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВА́ТНАЙЁКЮДЛЬ В а т н а - Й о к у л ь – Исландиядагы эӊ ири мөӊгү, муздук. Аянты 8538 км2. Муздун басымдуу калыӊдыгы 600–800 м, эӊ калыӊ жери 1036 м. Айрым мөӊгүлөрдүн этеги Атлантика океанынын жээгине чейин түшөт. Ватнайёкюдлдан Исландиянын эӊ бийик жери – Хваннадальсхнукюр чокусу (2119 м) көтөрүлүп турат. Мөӊгү басып жаткан жанар тоолор атылганда айрым учурда муз эрип, алаамат суу ташкынын пайда кылат. Түштүк четинде Скафтафедль улуттук паркы жайгашкан.