БИТУМ
БИ́ТУМ (лат. bitumen – чайыр, асфальт) – сууда эрибеген, катуу же суюк углеводороддун ж-а алардын суутектүү, күкүрттүү, азоттуу бирикмелеринин аралашмасы. Тыгыздыгы 1000 кг/м3га жакын, 25–90°С темп-рада жумшарат. Табигый ж-а жасалма (нефтини буулантып, крекингдеп, майды тазалоодон калган калдыктардан алынуучу) болуп бөлүнөт. Б. табигый кендерде кездешет же нефть иштетүүдө калдык продукт катары алынат. Б. сиӊирилген рубероид үйдүн чатырын жабуучу материал ж-а суу өткөрбөгүч (гидроизоляциялык) катмар катары кеӊири колдонулат. Б-дан жасалган боёк ар кандай темир буюмду дат басуудан сактайт ж-а курулушта байыртадан байланыштыргыч материал катары цементтин ролун аткарган. Бетон өндүрүшүндө колдонулуучу толтургуч зат (шагыл ж. б.) м-н аралаштырып, жолдун таманын жапса болот. Табигый Б. нефтинин (асфальт), ташкөмүрдүн, күрөӊ көмүрдүн, чымкөӊдүн курамында бар, бензолдо, күкүрттүү көмүртекте, хлороформдо ж. б. эрийт.