ВАТ-ПХУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:40, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАТ-ПХУ (Тоо монастыры) – Лаостун түштүгүндөгү (Тямпасак провинциясы) зыярат сарайлар комплекси. Тоо капталына жайгашкан (деӊиз деӊг. 1400 м). Индуисттик чиркөө катары 5-к-да негизделген. 7-к-дан Кхмер мамлекети Ченланын диний борбору. Башкы зыярат жайы Лингапарвата (Линга тоосу) Шива Бхадрешвара кудайына багышталган. 10–12-к-да Камбужадеш империясынын башкаруучулары тарабынан көптөгөн кайра курууларга дуушарланган; композициялык структурасы, ошол доордогу негизги курулуштары сакталган. 14-к-да В.-П. будда монастырына айландырылып, азыркы наамын алган. В.-П-нун арх-расы ландшафтка шайкеш келип, касиеттүү орунду көздөй бара-бара жогорулап көтөрүлүп жетүү идеясына ылайык ишке ашырылган. Эки жагы таш мамылар м-н курчалган кеӊири жол адегенде курмандык чалуу жөрөлгөлөрү өткөрүлчү тектирлүү бассейнге, андан тоо этегинде жайгашкан ар түрлүү кооздуктагы Түн. ж-а Түш. сарайларына келет. Жогору жагындагы тектирде кыштан курулган 6 зыярат сарай бар. Эӊ жогорку тектиринде (деӊиз деӊг. 1200 м) борбордук курулуш ансамбли турат. Ичи аял кудайлардын айкелдери ар кыл мифологиялык сюжеттеги барельефтер м-н шөкөттөлгөн. Храмдын артындагы асканын ташын оюп, кечилдер үчүн атайын зал жасалган. В.-П. Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.