БОТВИННИК Михаил Моисеевич

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОТВ́ИННИК Михаил Моисеевич [4 (17). 8. 1911, РФ, Ленинград облусу, Куоккала (азыркы Репина) – 5.5.1995, Москва] – шахматчы, техника илимдеринин доктору (1951), СССРдин гроссмейстери (1945), эл аралык гроссмейстер (1950), СССРдин эмг. сиӊирген спортсмени (1945). Дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону (1948–57, 1958–60 жана 1961–63). Шахмат теориясынын новатору жана шахмат боюнча бир нече эмгектин автору. Ленин ж. б. ордендер жана медалдар менен сыйланган.