БРОНХ АСТМАСЫ
БРОНХ АСТМАСЫ – бронхтордун кысылуусунан, былжыр челинин шишүүсүнөн жана какырык менен бүтөлүп калышынан мезгили менен капысынан дем кысылып кармоочу аллергиялык оору (к. Аллергия). Аны менен кээ бир химиялык жана физикалык факторлорду–аллергендерди сезгич кишилер ооруйт. Бронх астмасы инфекциялуу жана инфекциясыз аллергиялык болуп бөлүнөт. Инфекциялуу аллергиялык түрүн бактериялар, вирустар ж. б. микробдор пайда кылат. Инфекциясыз астма ар кандай аллергенден болот. Алар тамак-аш аллергендери (балык, жумуртка, шоколад, бал, сүт ж. б.), чаӊ аллергендери (ар кандай чөптүн гүл чаӊчалары), үй буюм аллергендери (үй буюмдарынын чаӊы, малдын, куштун жүнү), турмуш-тиричилик, химия жана дары-дармек аллергендери ж.б. (антибиотиктер, кан, плазма, вакциналар). Бронх астмасынын пайда болушуна климат факторлору да таасир берет; оору жаз ж-а күз мезгилинде, шамал болгондо, аба температурасы кескин өзгөргөндө күчөйт. Анын негизги белгиси – дем кыстыгуу. Дем чыгаруу өтө кыйындагандыктан бара-бара көкүрөк көӊдөйүнө аба толуп, моюн кан тамырлары көөп, оорулуунун эрини, бети көгөрө баштайт. Аягында дем чыгаруу жеӊилдеп, жөтөл басаӊдайт. Дарылоодо жана алдын алууда врачтын көрсөтмөсү менен бронхтордун кысылуусун жоготуучу таблетка, аэрозоль, инъекция түрүндөгү дары заттар колдонулат. Кыргызстандагы «Чоӊ-Туз» шахтасында ж-а Ысык-Көлдүн жээгинде болуу бир топ жакшы жардам берип, бронх астмасынын алдын алууга мүмкүндүк берет.