БУНИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:39, 5 Август (Баш оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУНИН́НИН Иван Алексеевич [10 (22). 10. 1870, Воронеж – 8. 11. 1953, Париж] – орус жазуучусу, Россиядагы сынчыл реализмдин көрүнүктүү өкүлү, Петербург ИАнын академиги (1909), Нобель сыйлыгы (1933) менен сыйланган. Чыгармачылыгы 1887-жылдан башталган. Биринчи ырлар жыйнагы («Ырлар») 1891-жылы жарык көргөн. «Күбүлгөн жалбырак» (1901) ыр жыйнагы Пушкин сыйлыгына татыктуу болгон. А. П. Чехов (1895) жана М. Горький (1899) менен таанышып, алардын таасиринде жүргөн. «Кыштак» (1901) повестинен тартып Бунин коомдук кеӊири тематикага өткөн. «Байыркы адам», «Түнкү сүйлөшүү», «Көӊүлдүү короо», «Игнат», «Захар Воробьев» деген аӊгемелеринде Россиянын тагдырын орус дыйкандарынын тагдыры катары караган. Россия императордук ИАнын ардактуу мүчөлүгүнө шайланган (1909). Чыгышка саякат жасап, анын таасири менен «Күн храмы» (1907–1911) деген очерктер циклин жазган. И. Бунин Октябрь революциясынан кийин, 1920-жылы Францияга эмиграцияга кеткен. И. Буниндин чыгармалары карама-каршылыктуу болсо да, зор эстетикалык сапатка ээ. Айрым аӊгемелери кыргыз тилине которулган.