БЫШЫКТОО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:20, 5 Август (Баш оона) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЫШЫКТОО – окуу процессинин зарыл этабы; окуучулардын алган билимдери эстеринде бекем сакталып калышына багытталган иш-аракеттердин жыйындысы. Сабакта өткөрүлгөн иш-аракеттердин басымдуу бөлүгү билимди Бышыктоого багытталат. Мисалы, жаӊы теманы өтүп бүткөн соӊ, мугалим аларды Бышыктоо иши менен алек болот. Кийинки этапта мурдагы сабакта өтүлгөн материал кайталанат. Ал ар кандай формада жүргүзүлөт: алган билимдерди кайра кайталап берүү (репродукция), көнүгүүлөрдү аткаруу, тренаж, баяндоо, үлгү боюнча өз алдынча иштерди аткаруу, суроо-жооп менен Бышыктоо, чыгармачыл Бышыктоо жана башкалар